Адвокат Нурбек Токтакуновду колдоо акциясы өтүп жатат

Бүгүн, 25-мартта, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдында адвокат Нурбек Токтакуновду колдоо акциясы өтүп жатат.

Укук коргоочу Рита Карасартова мурда болуп көрбөгөндөй прецендент, сот адвокатты айткан сөзү үчүн камап эми адвокатка адвокатты киргизбей жатканын белгиледи.

Андан кийин адвокатты киргизишти.

Адвокат Нурбек Токтакуновду колдоо акциясы өтүп жатат

Нурбек Токтакунов бүгүн Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын алдын ала камоо камерасына киргизилген.

Адвокат Раззак Ашымбаевдин айтымында, Нурбек Токтакуновду камаган камерада эч кандай шарт жок, ал жерде отурууга гана мүмкүн, жатып уктоого мүмкүн эмес.

Адвокат Нурбек Токтакуновду бүгүн, 25-мартта, эртең менен укук коргоо кызматкерлери кармап кетишкен. Бул тууралуу Азамат Илиясов Фейсбук баракчасында билдирген.

24-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Убайдулла Сатимкулов адвокат Нурбек Токтакуновду беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарган. Мындай чечимге Нурбек Токтакуновдун соттор тууралуу пикирин айткандыгы себеп болгондугун юрист билдирген.

Мамлекеттик айыптоочу адвокатты укук бузуулар жөнүндө кодекстин «Майда бейбаштык» беренеси боюнча айыптуу деп таап, беш суткага камоону соттон сураган.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты