Юрист Нурбек Токтакуновду камашты

25-мартта юрист Нурбек Токтакуновду Биринчи май районунун алдын ала камоо камерасына киргизишти.

Бул тууралуу анын адвокаты Раззак Ашымбаев ЖМКга билдирди.

Адвокаттын айтымында, Нурбек Токтакуновду камаган камерада эч кандай шарт жок, ал жерде отурууга гана мүмкүн, жатып уктоого мүмкүн эмес. Электр жарыгы, жөнөкөй да шарт жок.

Адвокат Нурбек Токтакуновду бүгүн, 25-мартта, эртең менен укук коргоо кызматкерлери кармап кетишкен. Бул тууралуу Азамат Илиясов Фейсбук баракчасында билдирген.

24-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Убайдулла Сатимкулов адвокат Нурбек Токтакуновду беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарган. Мындай чечимге Нурбек Токтакуновдун соттор тууралуу пикирин айткандыгы себеп болгондугун юрист билдирген.

Мамлекеттик айыптоочу адвокатты укук бузуулар жөнүндө кодекстин «Майда бейбаштык» беренеси боюнча айыптуу деп таап, беш суткага камоону соттон сураган.

«Сот жөнүндө жаман сөздөрдү айтты деген негизде ушундай чечим чыгарды. Мен адвокаттык ишимди аткарып жаткам. Мен соттор жөнүндө андан дагы жаман сөздөрдү айтчумун, журналисттерге маек бергенде айтчумун. Соттор жөнүндө айткан сөзүм үчүн биринчи жолу беш суткага камап жатышат», — деп билдирген Токтакунов «Азаттык» радиосуна.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты