Сот адвокат Нурбек Токтакуновду беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 24-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Убайдулла Сатимкулов адвокат Нурбек Токтакуновду беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу Токтакунов «Фейсбуктагы» баракчасында кабарлады.

Мамлекеттик айыптоочу адвокатты Укук бузуулар жөнүндө кодекстин «Майда бейбаштык» беренеси боюнча айыптуу деп таап, беш суткага камоону соттон сураган.

«Сот жөнүндө жаман сөздөрдү айтты деген негизде ушундай чечим чыгарды. Мен адвокаттык ишимди аткарып жаткам. Мен соттор жөнүндө андан дагы жаман сөздөрдү айтчумун, журналисттерге маек бергенде айтчумун. Соттор жөнүндө айткан сөзүм үчүн биринчи жолу беш суткага камап жатышат», — деп билдирген Токтакунов «Азаттык» радиосуна.

Жактоочу сотко апелляциялык арыз тапшырууга аракет жасалып жатканын, арыз кабыл алынбай калса бүгүн эле камала турганын кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты