Мадумаровдун кармалышы: «Маски-шоу!» Депутат Кожокулова парламентте билдирүү жасады   

Бүгүн, 6-сентябрда, «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын атынан депутат Гуля Кожокулова партиянын лидери Адахан Мадумаровдун камалышы боюнча билдирүү менен чыкты.

Гуля Кожокулова партия лидери, депутат Адахан Мадумаровдун мыйзамсыз камалганын жана Жогорку Кеңеште башкы прокурор башка айыпты айтып, иш жүзүндө чыккынчылык менен алмаштырылганын жана кармоо учурундагы мыйзамсыздыкты айтып чыкты.

-Силерге белгилүү болгондой, 2-сентябрда “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты, биздин  кесиптешибиз Адахан Мадумаров  ички иштер министрлигинин атайын аскерлери тарабынан одоно түрдө жана жаш баласы менен  кармалды. Ошол эле күнү ал УКМКнын камак жайына 24-октябрга чейин камалды. Ага кылмыш-жаза кодексинин 223-беренеси, мамлекеттик чыккынчылык айыбы боюнча айып тагылды.

Биздин фракциянын лидеринин кандай болуп кармалганы бизде Конституция, мыйзамдар канчалык сакталганын айтып турат.

Дагы баса белгилеп айтып кетсем, биз сиздер менен 2022-жылдын март айында башкы прокурордун биринчи көрсөтмөсүндө ушул мамлекеттик чыккынчылык беренеси коюлганда биз баш тартканбыз. Бул берене боюнча кылмыш жоопкерчилигинен баш тартылган.

Бирок дээрлик жарым жылдан кийин жаңы көрсөтмө келип түшкөн. Анда айып таптакыр башка берене менен келген. Бул боюнча атайын комиссия да иштеген. Парламент ага бийлигинен аша чабуу беренеси боюнча айыпка тартууга макулдук берген. Анда мамлекеттик чыккынчылык тууралуу маселе жок болчу. Бүгүнкү күндө парламенттин бул токтому күчүндө.

Бирок иш жүзүндө эмне болуп жатат? Иш жүзүндө мыйзамда белгиленгендей, башкы прокурор эмес, башкы прокурордун орун басары айып коюп жатат. Жогорку Кеңештин депутатына башкы прокурор гана айып кое алат. Ал эми айыпты таптакыр башка берене менен коюп жатышат.

Бул эмнени билдирет? Бул ыкма баарыңардын башыңарга келиши мүмкүн. Бир берене менен Жогорку Кеңешке келип, бирок башка берене менен айып коюп коюшу мүмкүн. Анан киши өлтүрүүнү да, коррупцияны да, башка нерселердин баарын илип коет.  Бул биздин токтом эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес дегенди билдирет, -деди депутат Гуля Кожокулова.  

Кожокулова жада калса, атайын отряддын жоокерлери уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрүн да баласы менен кармаган эместигин билдирди. Мадумаров эки ай бою эч жакка чыккан эместигин айтты.

“Маски-шоу! Эл ичинде муну укуктук мыйзамсыздык деп атоодо”  -деди депутат Гуля Кожокулова парламентте Адахан Мадумаровдун камалышы тууралуу.  

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2-сентябрда Бишкекте Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен.

Адахан Мадумаров 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-сентябрда кабыл алды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча айып коюлуп жатканын айтып, билдирүү таратты.

Сүрөттө: Депутат Гуля Кожокулова. kenesh.pk

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты