Адахан Мадумаровдун кармалышы: “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Кайрылуу жолдоду  

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңеши Кыргызстандын калкына, Президентке, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдоду.

-Бүгүн “Бүтүн Кыргызстан” партиясы оор мезгилди баштан кечирип жатат. 2020-жылдан тартып үч жылдан бери биздин партиянын мүчөлөрү болуп көрбөгөндөй коркутууларга, психологиялык басымга, кылмыш кылтагына алынууга дуушар болуп келе жатат. Анын себеби бирөө эле – Кыргызстанда чындыкты айтууга болбойт, өз пикириң болбошу керек, сындабашың керек.

2023-жылдын 2-сентябрында “Бүтүн  Кыргызстан” партиясынын лидери жаш баласы менен жүрсө да  УКМКнын жана ИИМдин атайын даярдыктагы аскерлери тарабынан одоно түрдө кармалды жана УКМКнын убактылуу камак жайына камалды.  

Коопсуздук Кеңешинин катчысы болуп турган кезинде А. Мадумаров өз алдынча чечим кабыл алуу укугуна ээ эмес эле, ал ошол убактагы президент Курманбек Бакиевдин  айткандарын аткарган.  Протокол ал тургай Кыргызстандын парламенти тарабынан да каралган эмес, ал Кыргызстандын тажик тарап менен сүйлөшүүлөрүнө тоскоол боло тургандай күчү да жок.  

Эки тараптын жумушчу протоколунун кабыл алынганына 14 жылдан ашты. Кез-кезде Мадумаровдун оппоненттери Тажикстан менен кезектеги жаңжалда анын жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрө калышат.

Алсак, 2019-жылы чек ара маселесин караган вице-премьер-министр Жеңиш Разаков УКМК сотко чейинки өндүрүш баштаганын билдирген. Мадумаровдун айтуусу боюнча, тыкыр текшерилгенден кийин ал маселе жабылган.

Ошондой эле Мадумаров бул маселе боюнча өзүнүн позициясын бир нече жолу түшүндүргөн.

Биринчиден, жерди ижарага алуу анын тажик тарапка өткөнү дегенин билдирбейт.

Экинчиден, дал ушул жол менен Кыргызстан үчүн стратегиялык жактан маанилүү болгон Баткен-Исфана жолунун курулушу чечилген.

2009-жылдагы протокол биздин партияны жана лидерди толук жок кылуунун амалы гана болуп жатканында биздин күмөнүбүз жок.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы Кыргызстандын бардык жарандарына, мекендештерге кайрылат. Эч кимдин бизди ачык айтуу мүмкүнчүлүгүбүздөн ажыратууга укугу жок.   

Биз мурдагыдай эле, коркутууга жана басымга карабастан, өзүбүздүн саясий ишенимдерибизди коргоп, бийликке карата өз оюбузду жана сын пикирибизди билдире бермекчибиз.  

Бийликтин биздин партиянын лидерине жана партиянын мүчөлөрүнө болгон аракеттерин кылмыштуу деп эсептейбиз жана адилеттүүлүк үчүн мыйзамдуу жолдор менен тынымсыз жана өжөрлүк менен күрөшө бермекчибиз.

Урматтуу жарандар!  Биргелешкен аракет менен гана биз саясий репрессияны токтото алабыз, Кыргызстандагы саясий туткундарды бошото алабыз.

“Бүтүн Кыргызстан” партиянын саясий кеңеши сиздердин ишеним жана колдооңуздар мурдагыдай эле, өзгөрүүсүз калат деп терең ишенебиз -деп айтылат Кайрылууда.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2-сентябрда Бишкекте Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен.

Адахан Мадумаров 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-сентябрда кабыл алды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча айып коюлуп жатканын айтып, билдирүү таратты.

Сүрөт: RRE/RL

   

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты