Адахан Мадумаровдун иши: Алгачкы сот жабык өттү  

Бүгүн, 18-октябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши алгачкы жолу карала баштады. Сот 30-октябрда улантылат.

Соттук процесстин алгачкы күнү жабык өтүп, ага адвокаттар гана киргизилди.       

Мадумаровго козголгон кылмыш ишин тергөө аяктаганы жана сотко өткөнү 10-октябрда белгилүү болгон.

Бүгүн, 18-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Гуля Кожокулова Адахан Мадумаровдун ишинин тергөөсү аяктагандыгы боюнча башкы прокурордун маалыматын парламентте угууну сунуштаган. Бирок сунуш көпчүлүк добуш ала албай өтпөй калган.

Мадумаровдун адвокаттарынын бири Юлия Богданова Мадумаровдун иши жашыруун болгондуктан, маалымат алууга мүмкүн болбой, юридикалык жардам берүү кыйын болуп жатканын буга чейин билдирген.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2-сентябрда Бишкекте Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен.

Адахан Мадумаров 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-сентябрда кабыл алды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча айып коюлуп жатканын айтып, билдирүү таратты.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты