Мадумаровдун ишин тергөө аяктагандыгы боюнча башкы прокурордун маалыматын парламентте угуу сунушу четке кагылды   

  • 6 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин депутаты, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун ишин тергөөнүн аяктагандыгы боюнча башкы прокурордун маалыматын угуу парламенттин күн тартибине бүгүн, 18-октябрда коюлуп, бирок тиешелүү добуш ала албай калды.

Депутат Гуля Кожокулова «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун ишин тергөө аяктагандыгы боюнча башкы прокурордун маалыматын угууну күн тартибине коюуну сунуштады.

-Регламентке ылайык, 138-берене боюнча, башкы прокурор 3 күндүк мөөнөттө Жогорку Кеңешке тергөөнүн аяктагандыгы боюнча маалымат бериши керек. Сиздер билгендей, 2-сентябрда “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адаман Мадумаров кармалган, тергөө аяктады, бүгүн алдын ала угуу болот. Үч күндүн ичинде башкы прокурор парламентке тергөөнүн аякташы боюнча толук маалымат бериши керек, -деди депутат Кожокулова.

Ошондой эле депутат «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан жана Мадумаровду жактап, сөз сүйлүп койгондор камалып жатканын жана бул боюнч да башкы прокурордун маалыматын угууну белгиледи:

-Мындан тышкары абдан көп суроо жаралып жатат, жалпыга маалымдоо каражаттарында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан кармалгандар дээрлик 20 кишиге жеткени жарыяланууда. Кечээ 75 жаштагы аял кармалганы жазылды, ал “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидерин жактап, сөз айтып койгон экен, ошондой эле партиянын мүчөсү, үч балалуу жалгыз бой эне да Мадумаровду жактап, президентти дискретизация кылды деп, Министрлер кабинетинин төрагасына сөз тийгизди делип кармалган экен. Ошондуктан башкы прокурордон ушулар жана тергөөнүн аякташы тууралуу маалымат угалы,-деди Кожокулова.

Бул маселе Жогорку Кеңештин күн тартибине киргизилди. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев башкы прокурордун маалыматы Кожокуловага берилерин билдирди.

Гуля Кожокулова Жогорку Кеңештин бардык депутаттарына берилишин жана тергөөнүн аякташы боюнча башкы прокурор маалымат бериши керек экенин кошумчалады.   

Адахан Мадумаровдун ишин тергөөнүн аяктагандыгы боюнча башкы прокурордун маалыматын угуу парламенттин күн тартибине бүгүн, 18-октябрда коюлуп, бирок тиешелүү добуш ала албай калды.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2-сентябрда Бишкекте Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен.

Адахан Мадумаров 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-сентябрда кабыл алды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча айып коюлуп жатканын айтып, билдирүү таратты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты