Караколдогу мектептеги окуя боюнча университеттин психологдору окуучулар менен иш алып барууда
- 9 месяцев мурун
Агартуу министрлиги Каракол шаарындагы Байсары уулу Кыдыр Аке атындагы №2 жалпы билим берүү мектебиндеги окуя боюнча 2-октябрда билдирүү таратты.
Маалыматта айтылгандай, 7-класстын окуучуларынын ортосунда жаралган түшүнбөстүктү Каракол шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан түзүлгөн комиссия кылдат иликтеп чыгат.
“Азыркы учурда Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин психологдору окуучулар менен иш алып барышууда. Ошондой эле Каракол шаарындагы жалпы билим берүү уюмдарынын класстан тышкаркы иштерди уюштуруучуларына, социалдык педагогдоруна түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди. Жогоруда аталган мектептин директоруна, мектептин класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусуна, социалдык педагогуна эмгек кодексинин 88-беренесинин 2-пунктуна ылайык сөгүш берилди” деп айтылат министрликтин маалыматында.
Социалдык тармактарда Каракол шаарындагы мектептин окуучусу дагы бир окуучу кызды уруп жаткандыгы боюнча видео тасма тараган.
Окуучу кызды урган баланын майыптыгы бар экени жана индивидуалдык окууга өткөрүлгөнү тууралуу тасма жарыялангандан кийин президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева маалымат тараткан.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы бул факты боюнча текшерүү жүргүзүп, зарыл чараларды көрө турганы айтылган.
Окуянын бардык жагдайлары тиешелүү органдардын көзөмөлүндө болору да маалымдалган.
Сүрөт: Социалдык тармактан




