Садыр Жапаров кыргыз жана казак элдерине чагым сала турган видео тасма боюнча пикирин билдирди

Садыр Жапаров казак-кыргыз элдерине чагым сала турган видеого байланыштуу пикирин Фейсбук баракчасында билдирди.   

“Тилекке каршы, эки элдин эзелтен калыптанган ынтымагын көрө албай, эки ортого чок салгысы келген чагымчылар да четтен чыгып жатат. Алар адатта тарыхты бурмалоого басым жасашып, кайраштыргысы келишет. Чагымчылык арам ой аракетке оңой тема катары тандап алынган темалардын бири – он тогузунчу кылымдагы тарыхыбыздын трагедиялуу барактары, асыресе Кенесары хандын кыргыз жерине басып кириши жана анын өлүмү менен аяктаган окуялар” деди Жапаров.

Садыр Жапаров тарыхый булактардагы фактыларга таянып, Кенесары хан жана ага байланыштуу окуялар боюнча кенен маалымат берди.

«Бул теманын көптөгөн фактылары Белек Солтоноев, Бегималы Жамгырчинов сындуу кыргыз тарыхчыларынын эмгектеринде да чагылдырылган. Айрыкча, Белек Солтоноев ошондогу окуялардын түздөн-түз катышуучуларынын оозунан көптөгөн маалыматтарды жазып алган, андан сырткары Кенесары хан, Ноорузбай баатыр баштаган казак султандары менен баатырларына жолуккан күбөлөрдүн айткандарын, Ормон хан, Жантай манап, Жангарач манап, Төрөгелди баатыр сындуу кыргыз манаптары менен баатырларынын жүзүн көргөн адамдардын эскерүүлөрүн тизмелеп кеткен.

Кенесары хандын оторчулукка каршы көтөрүлгөнү талашсыз.Чыныгы баатыр болгон. Бирок кыргыз жерине кирип келгенин жана ошол аракетине жараша жооп алганын танууга болбойт. Кандуу окуялардын алдында Кенесары хандын Ормон хан менен сүйлөшүүлөрүнүн мазмуну, Чүй өрөөнүндөгү бир нече жолку кыргыз-казак кырылыштары, Ормон хан аскердик айлакерлик көрсөтүп (“Ормон опуза”) Кенесары баштаган кошуунду женгени ага далил.

Башкача айтканда, Ормон хан тоо менен талаанын нагыз эрлери кыл чайнаша бет келген чыныгы айкашта жоосун чындап жеңип алды. Кыянаттык кылган жок. Оболу, Кенесары менен Ормондун “хандык” даражаны талашып калганы бар. Кенесарынын баш ийүү тууралуу өкүмчүл кайрылуусуна Ормон хан: “менин жашым улуу, ошондуктан хандыкты мага берсин” деген жообу тарыхый булактардан белгилүү.

Албетте, Кенесары хан Ормон хандын аскеринин аздыгын айтып, жообун четке какты. Айрымдар Ормондун хандык даражасына шек келтирип калышат. Аларга айтарым бул: кыргыз – байыркы эл, кыргыздын да тээ байыртадан келаткан “хан” көтөрүү салты болгон жана ал Чынгыс ханга чейинки замандардан башталат!

Ормон хандын жообуна арданган Кенесары Чүй өрөөнүндөгү кыргыз урууларына бастырып кирди. Тынч жаткан айылдарга, азыркы Токмок шаары турган жерге чейин кызыл кыргын салып келди. “Катылгандын катыгын берүү керек” деген эреже менен жашаган Чүй эли түп көтөрүлдү.

Кенесары менен Чүй кыргыздарынын кармашына кыйлага байкоо салып турган Ормон хан Токмоктун тушундагы кагылышка өзү келип катышты.

Анын “Ормон опуза”, “Ормон окуу” деп аталган аскердик-саясий уңгужолу болгон жана анын бул окуусу байыркы кытай стратеги Сун-Цзынын окуусуна үндөшүп кетет. Маселен, Сун-Цзынын:“Душмандын жанында турсаң алыста тургандай көрүн, алыста турсаң жанында тургандай көрүн”, “Оболу душмандын катарын кол салбай туруп ыдырат.

Каарданып турушса, маанайын жайгарып, текеберлигин күчөт. Жайдары жатышса, болгон кудурет-дараметин мактанып көргөзүүгө мажбурла.Бирдиктүү турушса, катарын ыдырат” деп айткан эрежелери Ормон хандын Кенесары менен чабышында колдонулгандай таасир калат.

Ошол себептен, Ормон хандын бир жоокери Кенесарынын көзүнө он жоокер болуп көрүндү, аттарынын куйругуна чычырканак байлап, Шамшынын белин чаңдатып, утур айланта чапкан азганактай кол түмөн кол болуп көрүндү.

Кененсары артка чегинип, Токмоктун тушундагы сазга барып такалды. Салгылашуу эч кандай аска-зоолордун арасында болгон эмес, Чүй Токмоктун түптүз саздак жеринде болгон. Кенесары ханды мына ушинтип жеңип алды.

Эң кызыгы, бул видео тасмада айтылгандай орус аскерлерин биякка кой, Балбай баатыр, Боронбай бий, Алымбек датка, ошол учурдагы Кокондогу бийликти басып алган башка кыргыз төбөлдөрү, ичкиликтин, оң менен сол канаттын ондогон баатырлары менен манаптары бул согушка катышкан эмес. Тагыраак айтканда, аймактардан Чүйгө жардамга келгенче эле Ормондун колу жеңишке жетишкен.

Анткени Кенесары хан кыска убакытта эле басып кирген болчу. Кененсары хандын башы кантип орустарга кетип калганы боюнча: Кенесарынын өлүмүнө ишенбей орустардан делегация келет.

Анткени Кенесары Омбудагы (азыркы Омск) орустарды дагы чаап турган. Делегация келип, Омбуга (Омскиге) алып барып изилдейли, бизге бергиле деп сурап кетишет. Ошентип Омбуга (Омскиге), андан ары Санкт-Петербургга кеткен экен. Эми ал окуялар тарых болуп калды” деп жазды Садыр Жапаров.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты