Адахан Мадумаровдун үйүндө тинтүү, өзүн жана үй-бүлөсүн белгисиз тарапка алып кетишкени айтылды
- 9 месяцев мурун
Бүгүн эртең мененки саат 07:00 чамасында укук коргоо органдары белгилүү оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровдун үйүндө тинтүү жүргүзүштү. Бул тууралуу маалымат партиянын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
Тинтөө учурунда сейф, камера, ноутбук, компьютер, уюлдук телефондор жана башка жеке буюмдар алынган. Тинтүү саат 12:00дө аяктап, Мадумаров укук коргоо кызматкерлери тарабынан белгисиз тарапка алып кетишкен. Ошондой эле, саат 15:00дө Мадумаровдун уулу Нурмухаммед Мадумаров жана анын жубайы да белгисиз тарапка алып кетишкен.
Азыркы учурда Мадумаровдун жана үй-бүлөсүнүн кайда экендиги боюнча расмий маалымат берилген жок.
Муну бөлүшүү




