«Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюм мүчөлөрүнүн жашаган даректеринде тинтүү жүргүзүлдү

  • 10 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 2025-жылдын 22-августунда «Хизбут-Тахрир аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмунун (ДЭУ) мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюу максатында, кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси («Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо») менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, И.А.А., М.М.С., А.Р.Р., А.Р.А., А.Н.Б., К.А.К., Б.З.С., А.М.Т. аттуу 8 мүчөсүнүн («Каракол» жана «Түп» бөлүмчөлөрү) жашаган даректери боюнча тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш иштин алкагында  айыпталуучулардын жашаган даректеринде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ар түрдүү диний адабияттар, ошондой эле социалдык тармактарда радикалдык идеологияны жайылткан аккаунттар катталган уюлдук телефондор табылып, алынган. Алынган буюмдар боюнча тиешелүү экспертизалык иштер дайындалды.

УКМК тарабынан тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып, тыюу салынган уюмдун калган башка катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча чаралар уланууда.

Сүрөт: УКМК басма

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты