Бишкек шаардык ИИББде УКМК тинтүү жүргүзгөнү айтылды
- 1 год мурун
Бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында (ИИББ) Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тинтүү жүргүзүлгөнүн бир катар ЖМК күч структураларындагы жеке булактарына таянып билдирди.
Баштапы маалыматтарга караганда, Бишкек шаардык ИИББдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кызматынын кызматкерин баңгизат сатууга шектүү катары кармашкан.
Бул боюнча УКМК расмий маалымат бере элек.
Сүрөт: Социалдык тармактан
Муну бөлүшүү




