Салижан Жигитов жана адабият. Эл аралык симпозиум уюштурулду
- 1 месяц мурун
9–10-апрель күндөрү көрүнүктүү түрколог, сезимтал акын, жазуучу жана адабий сынчы, филология илимдеринин доктору, профессор Салижан Жигитовдун 90 жылдыгына карата «Салижан Жигитов жана адабият» аттуу эл аралык симпозиум өттү.
Иш-чара Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде уюштурулду.
Эл аралык симпозиум Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин түркология бөлүмү тарабынан Улуттук жазуучулар союзу, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, Улуттук илимдер академиясы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана “Өзгөн коому” менен бирге өткөрүлдү.
Симпозиумга Түркиядан жана башка чет мамлекеттерден келген окумуштуулар, адабиятчылар жана коомдук ишмерлер катышты. Иш-чарага Салижан Жигитовдун неберелери да катышып, улуу инсандын мурасын улап келе жатат.
Иш-чарага катышкан Эдил Байсалов жана Каныбек Иманалиев Салижан Жигитовдун кыргыз адабиятындагы орду жана илимий мурасы тууралуу белгиледи.
Симпозиумдун алкагында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейлан, биринчи проректору Алмаз Ибраев, гуманитардык факультетинин деканы Алпаслан Ашык жана Түркология бөлүмүнүн башчысы Халит Ашлар чыгып сүйлөп, Жигитовдун түрк дүйнөсүндөгү ордуна жана адабияттагы салымына токтолду.
Симпозиумдун ачылышында Улуттук жазуучулар союзунун демилгеси менен тартылган Салижан Жигитов тууралуу документалдык фильм көрсөтүлдү.
Салижан Жигитовдун 6 томдук чыгармалар жыйнагын акын Нуралы Капаров жарыкка чыгарган.
Иш-чаранын жүрүшүндө илимий баяндамалар окулуп, адабий мурас, сынчылык жана улуттук маданияттагы орду кеңири талкууланды.

Сүрөттөр: Маданият министрлиги




