Жазуучу Калканбай Ашымбаев дүйнөдөн өттү

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, публицист жана журналист Калканбай Ашымбаев 23-августта 94 жаш курагында дүйнөдөн өттү.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Калканбай Ашымбаев 1932-жылы 10-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык айылында туулган. 1952-жылы Пржевальск (азыркы Каракол) шаарындагы окутуучулар институтун, 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн.

Калканбай Ашымбаев кыргыз адабияты менен журналистикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон көрүнүктүү калемгерлердин бири болгон. Ал СССР Журналисттер союзунун жана СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Көп жылдар бою проза, публицистика жана фельетон жанрларында үзүрлүү эмгектенген.

1952-жылы мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, 1959-жылдан «Ленинчил жаш» гезитинин адабий кызматкери, «Мугалимдер газетасынын” бөлүм башчысы, «Кыргызстан маданияты” гезитинин кабарчысы, “Днн соолук” журналынын редактору, «Чалкан» журналынын фельетон бөлүмүнүн башчысы жана редактору болуп иштеген.

1957-жылы «Жаш ленинчи» журналына «Атасы айыктырды» аттуу аңгемеси жарыяланган. 1963-жылы «Көк конверт» аттуу алгачкы аңгемелер жана повесттер жыйнагы жарык көргөн. Билим берүү жана илим министрлигинин жарлыктары менен «Бой тумар», «Батакөй чал» аттуу китептери окуу программасына киргизилген. 

Калканбай Ашымбаев Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына сиңирген ардагери, Эл агартуунун отличниги наамдарына татыган.

Калканбай Ашымбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2026-жылдын 25-августунда саат 10:00дө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.

Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Сүрөттө: Калканбай Ашымбаев. Министрлик тараткан сүрөт

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты