Казактын көрүнүктүү акыны Мухтар Шаханов дүйнөдөн өттү

Казакстандын Эмгек баатыры, Казакстандын эл жазуучусу жана драматург, коомдук ишмер Мухтар Шаханов 84 жашында дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу Казакстандын маданият жана маалымат министрлиги кабарлады.

Муктар Шахановго Кыргызстандын эл акыны наамы да ыйгарылган. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун замандашы жана жакын санаалашы, чыгармачыл тыгыз байланышта болгон. «Аскада калган аңчынын ыйы» чыгармасын биргелешип жазышкан.

“Чындык формуласы жана махабаттын Эверест чокусу” аттуу китебинде Айтматовго арналган эскерүүлөрү жазылган.

Шаханов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси кызматын да аркалаган.    

Мухтар Шаханов казак элинин көрүнүктүү акыны, жазуучу,  коомдук ишмер 1942-жылы 2-июлда Түштүк Казакстан облусунун (азыркы Түркстан облусунун) Каскасу айылында жарык дүйнөгө келген.

Мухтар Шаханов терең философиялык, публицистикалык жана патриоттук чыгармалары менен таанымал. Анын чыгармаларында тарыхый чындык, адеп-ахлак, улуттук намыс жана адамдык баалуулуктар чагылдырылат. Алардын арасында «12-3=?» (же «Кылымдардын көз жашы» деп да белгилүү) поэмасы өзгөчө орунда турат

Шахановдун “Сырдарья” аттуу биринчи чыгармасы 1959-жылы жарыкка чыккан, ал эми биринчи ырлар жыйнагы 1966-жылы “Бакыт” деген ат менен басылып чыккан. Мухтар Шаханов 30дан ашык ыр жыйнагынын автору.

Мухтар Шаханов Казакстандын жана СССР Жогорку Советинин депутаты болгон, казак демократиясынын башатында турган. Көз карандысыздык жылдарында казак тилин, маданиятын коргоп чыккандардын сап башында турган. Көп жылдары “Жалын” журналын жетектеген.

Сүрөттө: Мухтар Шаханов. Казакстандын маданият министрлиги

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты