Талип Ибраимовду эскерүү. “Арман” китебинин бет ачары өттү
- 2 недели мурун
22-майда Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө көрүнүктүү кыргыз жазуучусу, кинодраматург, публицист, редактор жана педагог, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери Талип Ибраимовдун эскерүү кечеси жана анын көзү өткөндөн кийин жарык көргөн «Арман» китебинин бет ачаары өттү.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Кинематография департаментинин директору Талантбек Төлөбеков сүйлөп, Талип Ибраимовдун кыргыз адабияты менен кино искусствосундагы ордуна токтолду.
Кечени Кыргызстандын эл артисти, актёр, кинорежиссёр жана Кыргызстандын Кинематографисттер союзунун төрагасы Бусурман Одуракаев ачып, Талип Ибраимовдун кыргыз маданиятына жана кино өнөрүнө кошкон салымын белгиледи.
Кеченин алкагында «Медиа Лаб» студиясы тарабынан тартылган «Свой среди великих» аттуу документалдуу тасманын бет ачары өттү. Анда Талип Ибраимовдун өмүр жолу жана чыгармачылык дүйнөсү чагылдырылды.
Кечеде режиссёрлор, кинематографисттер жана шакирттери жазуучу тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө «Биздин агай» документалдуу тасмасы жана Талип Ибраимовдун чыгармасынын негизинде тартылган «Күзгү шамал» көркөм тасмасынын трейлери көрсөтүлдү.
«Арман» китебинин бет ачаары болду. Китеп тууралуу Бахтияр Койчуев жана Олжобай Шакир сөз сүйлөп, жазуучунун адабий мурасынын баалуулугун белгилешти.
Эскерүү кечеси Талип Ибраимовдун жубайы Нурифа Умуралиеванын ыраазычылык сөзү менен жыйынтыкталды.
Иш-чараны Кыргызстандын Кинематографисттер союзу уюштурду.
Сүрөттө: Талип Ибраимов. Интернет булактарынан




