Ачылбек Арзиев жергиликтүү соттун судьялыгынан убактылуу четтетилди

  • 2 года мурун

Судьялар кеңеши башкы прокурорго кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу, Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясы Ачылбек Арзиев кызматынан убактылуу четтетилди.

Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.  

Нарын облусунун Жумгал районунда пара алууга шектелип кармалган судьяга жана прокурордун орун басарына кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жумгал райондук сотунун судьясы А.А. жана райондук прокурордун орун басары О.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалганын Башкы прокуратура билдирген.

«Жумгал районунун судьясы А.А. менен райондук прокурордун орун басары О.Ж. ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу беренеси менен айыпталып жаткан жарандын тууганынан сотто ишти кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алууну убадалап, 50 миң сом өлчөмүндөгү пара талап кылышкан» деп айтылган Башкы прокуратуранын маалыматында.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты