Жумгалда судья менен прокурордун орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды

  • 2 года мурун

Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясы А.А. жана райондук прокурордун орун басары О.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Башкы көзөмөл органынан билдиришкендей, Жумгал районунун судьясы А.А. менен райондук прокурордун орун басары О.Ж. ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу беренеси менен айыпталып жаткан жарандын тууганынан сотто ишти кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алууну убадалап, 50 миң сом өлчөмүндөгү пара талап кылышкан.

Прокурордун орун басары убактылуу кармоочу киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты