Жумгалда райондук соттун судьясына жана прокурордун орун басарына кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Нарын облусунун Жумгал районунда пара алууга шектелип кармалган судьяга жана прокурордун орун басарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, прокурордун орун басары эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Өткөн аптада Башкы прокуратура Жумгалда судья менен прокурордун орун басары пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Мындан көп өтпөй эле Соттор кеңеши бул маалыматты төгүндөгөн. Бирок Башкы прокуратура бул билдирүүнү кайра жокко чыгарган жана судьяны жоопко тартууга Соттор кеңешинин макулдугу керектигин белгилеген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты