Ачкачылыктын 100 күнү: Темирлан Султанбеков ачкачылык кармоону токтотту
- 4 недели мурун
“Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков 100 күн ачкачылык кармап, эми токтоткондугун Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
-Биздин партияга жасалып жаткан саясий террорлукка каршы дээрлик 100 күн ачкачылык кармадым. Эми ачкачылык кармоону токтотуу чечимин кабыл алдым,-деп билдирди Темирлан Султанбеков жана анын себептерин атап кетти.Биринчиден, магниттик-резонанстык томография тезинен дарыланууну талап кылган бир катар дарттарын аныктаганын, аларды дарылатууга кам көрөөрүн, көп жыл мурункудай эле, жакында орозо тутаарын жана андан кийин кайрадан ачкачылыкты улантаарын билдирди. Ошондой эле чечим кабыл алууга көптөгөн тарапташтарынын, замандаштарынын ачкачылыкты токтотуу тууралуу өтүнүчтөрү да себеп болгонун кошумчалады.
8-февралда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, партиянын мүчөсү Ирина Карамушкинанын жана тарапташы Роза Турксевердин абактагы мөөнөтүн 13-мартка чейин узартты.
2024-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган. Мындан улам Султанбеков тергөө абагында ачкачылык жарыялаган. Ошондон бери Султанбеков ачкачылык кармоону токтото элек.
Темирлан Султанбековдун жактоочуларынын прокуратурага каршы жазган арызы боюнча Свердлов райондук сотунун чечими күчүндө калтырылды. Бул тууралуу чечимди 10-февралда Бишкек шаардык соту чыгарды.
Сүрөт: Социалдык тармактан