Султанбековдун жактоочуларынын прокуратурага каршы арызын шаардык сот канаттандырган жок

  • 1 месяц мурун

«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жактоочуларынын прокуратурага каршы жазган арызы боюнча Свердлов райондук сотунун чечими күчүндө калтырылды. Бул тууралуу чечимди бүгүн, 10-февралда, Бишкек шаардык соту чыгарды.

Буга чейин жактоочулар Темирлан Султанбековдун кармалышынын мыйзамсыздыгына карата прокуратура кызматкерлеринин чара көрбөгөндүгүнө каршы Свердлов райондук сотуна арызданган жана сот арызды канаттандыруусуз калтырган.

“Бул чечим чынын алганда акылга сыйгыс. Сот иш жүзүндө “караны” ак, акты “кара” деп тапты, себеби Темирлан Султанбеков 14-ноябрда саат 20:00дө кармалган дегенди тергөө айтууда. Бирок биздин кеңсеге чабуул жана кармоо — 13-ноябрда болуп жатат. Биздин юристтер белгилегендей, депутаттыкка талапкерди шайлоо учурунда кармоо мыйзамсыз болуп эсептелет. Андан дагы БШКнын чечимине чейин, 18-ноябрга чейин, жалаа жалган болсо дагы, Султанбековду кармоого болбойт болчу” деди Темирлан Султанбеков.       

8-февралда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, партиянын мүчөсү Ирина Карамушкинанын жана тарапташы Роза Турксевердин абактагы мөөнөтүн 13-мартка чейин узартты.

2024-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган. Мындан улам Султанбеков тергөө абагында ачкачылык жарыялаган. Ошондон бери Султанбеков ачкачылык кармоону токтото элек.

Сүрөттө: Темирлан Султанбеков. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты