Абактан кат. Азимбек Бекназаров курултайдан 30 мүнөт сөз сурайт

Абакта жаткан саясатчы Азимбек Бекназаров абактан кат жазып, Биринчи элдик курултайдын катышуучуларынан 30 мүнөттүк сөз сурады жана өз сунуштарын айтты.

Азимбек Бекназаров мындай сунуштарын билдирди:

1. Ушул курултайда кыргызды кайра жаңылап, жан дүйнөнүн, пейилдин жаңы ыңкылабын жаратуучу, өлкөнү коррупциядан арылтуучу, бийлик элди эмес, эл бийликти көзөмөлдөөчү коомду түзүүнү, өз элин алдап, өзгөлөр үчүн иштешкен төбөлдөрдөн арылуучу багытты табуу, анын жол картасын, концепциясын иштеп чыгуу үчүн курултайда атайын жумушчу топту түзүүнү карап көрүүнү сунуштайм.

Мунун максаты:

— Ата-бабалардын салттуу, ыймандуу, адилеттүү коомуна кайрылуу. Заманбап, жаңы салттуу коомду жаратуу;

— Ыймандуу, жан-дүйнөсү мекенчил, намыстуу жаңы кыргызды жаратуу;

— Салтка, мыйзамга баш ийип иштеген салттуу, укуктук мамлекетти куруу.

2. “Эки дос” бийлиги эки жылда алгылыктуу бир топ иштерди аткарды, аткарып жатат. Аларды өздөрү, айланасындагы «ПКАССтары», мамлекеттик машина, соцтүйүндөрү аркылуу күнү-түнү мактап айтып, пропагандалап жатышат. Алардан мыкты айта албайм. Бирок алар эки жыл ичинде өздөрү айтпаган, айткысы келбеген төмөнкү маселелер боюнча мага 30 минуттук убакыт менен курултайда сөз берүүнү өтүнөм:

1) Эки жылда эки жолу болгон Баткендеги орду толгус кайгы, жоготуулар боюнча.

Буга биздин бийлик айтып жүргөндөй бир гана тажик тарабы күнөөлүү эмес деп ойлойм. Биздин бийликтин дагы кетирген катачылыктары бар. “Ооруну жашырсаң, олүм ашкере кылат” деген сөз бар. Бирок, эки жолу каргашалуу, кандуу окуя болсо дагы Президент же парламент атайын комиссия түзүп, иликтетпей жүрүшөт. Сыры эмнеде?! Ушул Курултайда бул маселе сөзсүз каралууга жана көзкарандысыз комиссия түзүү жөнүндө Президентке сунуш берилүүгө жатат деп ойлойм.

2) Кылымдын коррупциясы болгон “Кумтөр” алтын кенин өзүбүз колго алдык. Мен дагы колдойм. Бирок мурда 67%, 2009-жылдан бери 26% биздин «Центеррадагы» үлүшүбүз эмне үчүн Президент тарабынан “пустой кагаз” делинип, бүтүм чыгарылып алынган жок? 26% үлүшүбүздүн наркы миллиарддаган доллар болот. Ал — элдин менчиги, Президенттин эмес жеке чечкидей. Мен муну “пустой кагаз” дебейм. Эки жылдан бери алтыныбыз ким аркылуу сатылууда, табышмак? 3, 4 миллиард долларлык экологиялык зыян “Ормон опуза” эмес деп эсептейм. Калган кен-байлыктарыбыз дагы деле чет элдин колунда! Ушул маселе боюнча сөз сүйлөйм.

3) “Кемпир-Абад” боюнча өз элибизди алдап, Өзбекстанга мыйзамсыз берилгенин мен чыккынчылык катары эсептейм. Биздин бийликтин “Кемпир-Абаддын” ордуна 19 миң га жер алдык дегенин Өзбекстандын бийлиги “жалган” деди. “Кемпир-Абадды” өзбектерге түбөлүк өткөрүп бербей, миллиондогон акчаларга ижарага берсе, курулбай калган каналдар үчүн компенсация алсак калыстык болмок. Бул боюнча элиме айтаар сөзүм бар.

4) Сөз, ой, пикир эркиндиги үчүн саясий куугунтук эки жылда мурда болбогон формада жүргүзүлүүдө. Жалган “фейктин” баары “Ак-үйдөн” эң жогорку деңгээлде айтылат. Бирок чындыкты жазган, айткан эркин медиалар, журналисттер, жарандык активисттер, саясатчылар чогулуш өткөргөн үчүн же бир нерсени жазып койгону үчүн эл бузар, массалык баш-аламандыкка даярдангандар, чагымчылдар, алдамчылар, экстремист катары камакка алуу күчөдү. Убагында “Ак үйдү” басып алабыз” дешип, анын заборун ашкандар деле акталышканын билесиздер. Азыр андай болбой жатат. “Кемпир-Абадды” өзбектерге бербейли дегендер кылмышкерби же бергендер кылмышкерби? Бул маселе боюнча тажырыйбалуу юрист катары сөз сурайм.

5) Коррупция менен күрөшүү же “кустурмайчылык” чоң мамлекеттик рекет саясатына айланды.

Урматтуу делегаттар ушул маселелер боюнча бийликтин курултайына альтернатива, көзкарандысыз коомдук курултай өткөрүү үчүн демилгечи топ түзүлгөн. Тизмеси Президентке чейин берилген. Бирок белгилүү себептер менен (Демилгечи топтун мүчөлөрү камакта) ал коомдук курултайдын датасы азырынча белгисиз. Бирок, эртеби-кечпи, сөзсүз өтөт.

Ушуга байланыштуу бийликтин курултайында мага 30 мүнөттүк сөз берүү мүмкүнчүлүгүн түзүп бергиле.

Биздин чындыкты дагы угуңуздар, таразалагыла.

Урматым менен, А. Бекназаров 25.11.2022-жыл.

Бүгүн, 25-ноябрда, Бишкекте элдик курултай өтүп жатат.

Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттердин баары эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Ага ылайык, кармалгандар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында 20-декабрга чейин камакта болот. Арасында саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 23-декабрга чейин деп белгиленди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты