Элдик курултайдын төрагасы дайындалып, аксакалдар кеңешинин курамы бекитилди

  • 1 год мурун

Бишкекте өтүп жаткан биринчи элдик курултайдын төрагасы болуп Кадыралы Кошалиев шайланды.

Ага чейин төрагалыкка делегаттардын эң улуусу, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев убактылуу дайындалып, курултайдын төрагасы жана анын орун басарлары шайланганга чейин жыйынды алып барды.

Чүй облусунан делегат болуп келген Саламат Кубандыков Элдик курултайдын жооптуу катчысы болуп шайланды.

Курултайга шайланган аксакалдар кеңешинин курамына төмөнкүлөр кирди:

— Баткен облусунан Баймурат Бекмуратов, Хайит Айкынов;
— Жалал-Абад облусунан Бекболот Ибрагимов, Абдыразак Борбиев;
— Нарын облусунан Дамира Ниязалиева, Токтосун Казиев;
— Ош облусунан Абдиват Зулпиев, Шергузу Тойчиев;
— Талас облусунан Талантбек Игилов, Абдыкадыр Султанбаев;
— Чүй облусунан Каныбек Сарымсаков, Анарбек Шаршеев;
— Ысык-Көл облусунан Калмурза Эсентуров, Дүйшөнбек Карымшаков;
— Бишкек шаарынан Бейшенбек Абдыразаков, Кадыралы Кошалиев;
— Ош шаарынан Улукбек Садиков, Орозбек Акимбаев.
— Орусиядан келген делегат Майызбүбү Бердибекова;

— Муфтияттан Замир Ракиев.

25-ноябрда Бишкекте башталган элдик курултайга өлкөнүн ар кайсы аймагынан келген 1 072 делегат, ошондой эле президент, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты