Журналист Семетей Талас уулу УКМКга күбө катары сурак берип чыкканын айтты

  • 2 года мурун

Журналист Семетей Талас уулу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берип чыкты.

Сурактан чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ал кайсы иш боюнча чакырылганын азырынча так айта албай турганын билдирди. “Суракка буга чейин “Фейсбук” аркылуу бийликке болгон пикириңизди түз айтып келгениңиз үчүн чакырылган жоксузбу?” деген суроого:

“Башында мен да ошондой деп ойлогом. Бирок андай эмес экен. Эч кандай саясий буюртма жок деп ойлойм. Бир иш боюнча чоң иликтөө болуп жатыптыр, ошого күбө катары чакырышты. Айтпай туруңуз деп суранышты”, — деп жооп берди.

Белгилей кетсек, 18-февралда Семетей Талас уулунун үйүн тинтүүгө алып, өзүн колун кайрып, алып кетишкени кабарланган. УКМК журналист экстремисттик материалдарды таратууга шектелип кармалганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты