УКМК: Семетей Талас уулу экстремисттик материалдарды таратууга шектелип кармалды
- 3 года мурун
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) журналист Семетей Талас уулу экстремисттик материалдарды таратууга шектелип кармалагынын билдирди.
«Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргызстандын жараны С.Т кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.
Белгилей кетсек, 18-февралда Семетей Талас уулунун үйүн тинтүүгө алып, өзүн колун кайрып, алып кетишкени кабарланган.
Муну бөлүшүү