Адвокат: Аскар Акаевге карата козголгон кылмыш иши токтотулган жок

  • 2 года мурун

«Кумтөр» иши боюнча Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевге карата козголгон кылмыш иши токтотулган жок. Бул тууралуу 24.kg басылмасы Акаевдин жактоочусу Айбек Самарбековдун маалыматына таянып жазды.

Самарбековдун айтымында, териштирүүнүн жүрүшүндө Аскар Акаевге карата эч кандай доомат коюлган жок. Бирок азырынча тергөө аяктай элек болгондуктан ага коюлган айыптардын бардыгы алынып салынды деп айтууга эрте.

«Бул иштеги фигуранттардын бардыгы шектүү катары суралып жатат. Алардын арасында Аскар Акаев дагы бар. Ал тергөө учурунда суроолордун бардыгына жооп берүүдө. Ал эми ага карата козголгон кылмыш ишин токтотуу тууралуу маселе болгон эмес. Кийинки жолу аны суракка качан чакырышары белгисиз», — деди Самарбеков.

Буга чейин Аскар Акаевдин санаалашы Бекболот Талгарбеков мурдагы президент сурактан кийин Москвага учуп кеткенин, «Кумтөр» иши боюнча ага коюлган айыптардан бардыгы алынып салынганын билдирген.

Аскар Акаев Москвадан Бишкекке 14-декабрда учуп келген. 15-декабрда «Кумтөр» иши боюнча УКМКда сурак берип чыккан.

Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылкы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен. Ошондон кийин биринчи жолу ушул жылы, 2-августта, Кыргызстанга келип, “Кумтөр” иши боюнча сурак берген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты