ИИМ: Массалык башаламандык уюштурууга шектүү Талгарбеков, Узакбаев, Дыйканбаев кармалды
- 1 месяц мурун
Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык баш-аламандык уюштурууга шектүү Бекболот Талгарбеков, Эмил Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаев кармалды.
ИИМ маалыматында кармалгандар Т.Б. , У.Э жана Д.К. деген иницвлдар менен берилген.
Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын 9-февралында интернет булактарына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна Кыргызстанда жаңы президенттик шайлоону токтоосуз демилгелөө өтүнүчү менен 75 жарандын кайрылуусу жолдонду. Ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер кол койгон” – деген маалымат тараган. Аталган кайрылуудагы айрым билдирүүлөрү калк арасында кызуу талкууга алынып, өлкө ичинде коомдук саясий кырдаалды курчуткан.
Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Бүгүн кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келинип, тергөө иши жүргүзүлгөн.
Бул кылмыш ишинин демилгечилери жана активдүү катышуучулары катары аныкталган 1955-жылы туулган Т.Б. жана У.Э., 1960-жылы туулган Д.К. аттуу жарандар жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кармалган жарандардын жашаган даректерине тинтүү иштери жүргүзүлдү. Учурда тергөө амалдары улантылууда.
Ички иштер министрлиги жарандарды чагымчыл маалыматтарга ишенбөөгө жана аларды таратпоого чакырат.
Кыргызстандын белгилүү коомдук-саясий ишмерлери, көрүнүктүү адамдары, анын арасында экс-премьерлер,экс-депутаттар, окумуштуулар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдоду.
Кайрылууда мындай деп айтылат:
-Биз белгилеп кетчү жагдай, учурдагы мамлекет башчысы 2021-жылы эски Конституция боюнча 6 жылдык мөөнөткө шайланган. Ошол эле жылы, апрель айында, жалпы элдик добуш берүү аркылуу жаңы Конституция кабыл алынып, анда президент 5 жылга шайланары көрсөтүлгөн. 2021-жылдын 5-майында «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам күчүнө кирген. Анын 3-беренесинин 1-пунктунда мындай деп жазылган:
«2021-жылы 6 жылдык мөөнөткө шайланган Кыргыз Республикасынын Президенти өз ыйгарым укуктарын Конституцияга ылайык жүзөгө ашырат. Анын 6 жылдык мөөнөтү ушул Конституция боюнча биринчи мөөнөт катары эсептелет».
Юристтер, укук таануучулар жана саясат таануучулар бул маселеде эки лагерге бөлүнүп, бири мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүшү зарыл десе, башкалары учурдагы президенттик мөөнөт бүткүчө күтүш керек деген пикирде.
«Жогоруда белгилеген өлкө алдындагы чакырыктарды жана президенттик шайлоого байланышкан талаштарды эске алуу менен, сиздерге өлкө президенти жана Жогорку Кеңештин төрагасы катары мүмкүн болушунча тез арада жаңы президенттик шайлоону өткөрүү демилгесин көтөрүүнү сунуштайбыз жана чакырабыз» деп жазылган Кайрылууда.
Сүрөт: ИИМ.




