Талгарбеков: «Кумтөр» иши боюнча Аскар Акаевге коюлган айыптын бардыгы алынып салынды

  • 3 года мурун

«Кумтөр» иши боюнча Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевге карата коюлган айыптын бардыгы алынып салынды. Бул тууралуу 24.kg интернет басылмасы Акаевдин үзөңгүлөшү Бекболот Талгарбековдун маалыматына таянып жазды.

Анын айтымында, Акаевдин иш-аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан, ага карата ачылган кылмыш иши токтотулуп, бардык айыптар алынып салынды. Териштирүүнүн жүрүшүндө Акаевдин жана анын жакындарынын «Кумтөр» долбоорунан акча албаганы аныкталган.

«Аскар Акаевдин Centerra Gold Inc.де бир дагы акциясы жок. 2003-жылы өкмөт тарабынан Centerraны түзүү тууралуу чечим кабыл алынган. Келишимди «Кыргызалтын», өкмөттүн жана парламенттин өкүлдөрүнөн турган мамлекеттик комиссия даярдаган. Анын ичинде Акылбек Жапаров дагы болгон. Өкмөт келишимди бекиткен. Келишим бекитилерден мурун аны Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун эксперттери карап чыгып, оң корутунду беришкен. Аскар Акаев буга чейин мамлекеттик комиссияга ишенип, келишимди текшербегенин өзүнүн катасы деп эсептеп, элден кечирим сураган», — деп билдирген Талгарбеков.

Ал Аскар Акаев Москвага учуп кеткенин белгилеп, эгер иликтөө процессинде суроолор боло турган болсо, ал кайрадан суракка күбө катары чакырылышы мүмкүн экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, Аскар Акаев Москвадан Бишкекке 14-декабрда учуп келген. 15-декабрда «Кумтөр» иши боюнча УКМКда сурак берип чыккан.

Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылкы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен. Ошондон кийин биринчи жолу ушул жылы, 2-августта, Кыргызстанга келип, “Кумтөр” иши боюнча сурак берген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты