“75тин кайрылуусунан” кийин: Беш адам эки айга камакка алынды

  • 4 недели мурун

75 адамдын президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү боюнча кайрылуусунан кийин, массалык баш аламандык уюштурууга шектелип кармалган беш адам- Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Курсан Асанов, Аалы Карашев Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен, 10-апрелге чейин камакка алынды.

Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.  

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кайрылууга кол койгон 75 адамдын арасынан адегенде үч адамды, Бекболот Талгарбеков, Эмил Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаевди массалык баш аландык уюштурууга шектүү катары кармаган. ИИМ маалыматында кармалгандар Т.Б. , У.Э жана Д.К. деген инициалдар менен берилген.   

Андан кийин Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык башаламандык уюштурууга шектелип Курсан Асанов менен Аалы Карашев кармалган.

Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын 9-февралында интернет булактарына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна Кыргызстанда жаңы президенттик шайлоону токтоосуз демилгелөө өтүнүчү менен 75 жарандын кайрылуусу жолдонду.  Ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер кол койгон” деген маалымат тараган. Аталган кайрылуудагы айрым билдирүүлөрү калк арасында кызуу талкууга алынып, өлкө ичинде коомдук саясий кырдаалды курчуткан.

Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Бүгүн кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келинип, тергөө иши жүргүзүлгөн.

Бул кылмыш ишинин демилгечилери жана активдүү катышуучулары катары аныкталган 1955-жылы туулган Т.Б. жана У.Э., 1960-жылы туулган Д.К. аттуу жарандар жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, бул кылмыш ишинин демилгечилери жана активдүү катышуучулары катары дагы эки жаран аныкталып, кармалган: 1966-жылы туулган А.К жана 1968-жылы туулган К.А.  (Аалы Карашев жана Курсан Асанов-ред.)  

Кыргызстандын белгилүү коомдук-саясий ишмерлери, көрүнүктүү адамдары, анын арасында экс-премьерлер,экс-депутаттар, окумуштуулар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдоду.

Кайрылууга кол койгон 75 адам президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгесин көтөргөн. Бул тизменин арасында Бекболот Талгарбеков, Эмил Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев, Курсан Асанов ж.б. бар.

Сүрөт коллажы: Камакка алынгандар. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты