Сокулук: бойго жете элек кызды зордуктоого шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан көчүп кетти

  • 2 года мурун

Чүй облусундагы Сокулук районунун Исмаил айылында бойго жете элек кызды зордуктоого шектелип жаткан кишинин үй-бүлөсү айылдан көчүп кетти. Бул тууралуу АКИpress агенттиги айыл тургундарынын маалыматына таянып жазды.

«Алар ата-бабасы менен ушул айылды жердеп келишкен. Бара турган жайлары жок. Күн-Туу айылына барып, бир батирге чыгышыптыр. Бирок ал жактан дагы элдер ызылдап жатат деп угуп жатабыз. Бул жактагы үйүн сатыкка коюшат. Үйү өтүп кетсе, анан башка бир жерден үй алышат», — деп билдиришкен тургундар.

Бул маалыматты айыл өкмөтүнөн дагы тастыктап, шектүүнүн үй-бүлөсү 8-декабрда көчүп кеткенин билдиришкен.

Белгилей кетсек, 5-декабрда Сокулук райондук милициясына жергиликтүү тургун кайрылып, 16 жаштагы кызын белгисиз адам уруп, зордуктаганын билдирген. Тергөөнүн баштапкы маалыматында «ал кызды Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктаганы» айтылат.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, 31 жаштагы эркек колго түшкөн жана убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

5-декабрда Сокулук районунун 50дөй тургуну ички иштер бөлүмүнүн алдында чогулуп, аталган фактыны калыс тергөөнү, күнөөлүүнү жазалоону талап кылышкан.

7-декабрда айылда «аксакалдар соту» уюштурулуп, айыпталуучунун үй-бүлөсү айылдан көчүп кетсин деген деген чечим кабыл алынган. Бул үчүн аларга үч күн убакыт берилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты