Чүйдө бойго жете элек кызды зордуктоого шектүү адам кармалды

  • 2 года мурун

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 5-декабрда Сокулук райондук милициясына жергиликтүү тургун кайрылып, 16 жаштагы кызын белгисиз адам уруп, зордуктаганын билдирген.

Тергөөнүн баштапкы маалыматында, «ал кызды Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктаганы» айтылат.

Жазык кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, 31 жаштагы эркек колго түшкөн жана убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

5-декабрда Сокулук районунун 50дөй тургуну ички иштер бөлүмүнүн алдында чогулуп, аталган фактыны калыс тергөөнү, күнөөлүүнү жазалоону талап кылышкан.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын 2020-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда бир жылда «Зордуктоо» беренеси менен 250дөн ашуун иш козголуп, анын 17си гана сотко жеткен.

“Жашы жете электерге карата зомбулук аракеттер” беренеси боюнча 54 факты катталган.

Жазык кодексине ылайык жашы жете электерди зордуктагандар 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты