Сокулук районунда төрт жаштагы үч бала каналга чөгүп, көз жумду
- 4 месяца мурун
2-февралда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө (ИИБ) Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнө караштуу Май айылында жайгашкан каналга үч бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы (ОИИББ) билдиргендей, аталган факты каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Окуя болгон жерге барганда үч жаш бала чыгарылгандыгы, бирок тез жардам кызматы келгенге чейин үчөө тең чарчап калгандыгы аныкталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 2021-жылы төрөлгөн балдардын тек-жайы такталган: Алар — М.Н., С.Э. жана И.М. Балдар чогуу ойношчу, кошуна жашап, бири-бирине туугандык байланыштары болгон.
Канал алардын үйлөрүнөн болжол менен 300 метр аралыкта жайгашкан. Каналга айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу толтурулгандыгы, анын айланасында тосмо жоктугу жана жээктери муз болуп тоңуп тургандыгы белгилүү болгон.
Саат 14:00гө чейин балдардын жоктугун эч ким байкаган эмес. Балдар менен чогуу ойноп жүргөн, 2021-жылы төрөлгөн М.И. сүйлөй албагандыгына байланыштуу, апасы К.Н.га келип, окуя тууралуу билдирүүгө аракет кылган. Баласын түшүнө албаган энеси аны ээрчип барып, каналдын жээгине келгенде балдардын сууга чөгүп кеткенин көрүп, жардамга чакырган.
Балдардын сөөгүнө соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Текшерүү иштери улантылууда. Анын жыйынтыгы боюнча мыйзамга ылайык, чечим кабыл алынары айтылды.
Бир ай мурда, 2025-жылдын 30-декабрында, «Тазалык» ишканасынын үч кызматкери каналга чөгүп кетип, каза тапкан.
Сүрөт: «Турмуш» басылмасы




