Сокулукта зордуктоого шектелип жаткан кишинин үй-бүлөсүнө көчүп кетүүгө үч күн убакыт берилди

  • 2 года мурун

Чүй облусундагы Сокулук районунун Исмаил айылында бойго жете элек кызды зордуктоого шектелип жаткан кишинин үй-бүлөсүнө карата «Аксакалдар соту» чечим чыгарды. Алар шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан көчүп кетсин деген чечим чыгарып, бул үчүн үч күн убакыт беришти.

Ал эми айыпталуучунун жакындары бул чечимге макул болбой жатышат.

Белгилей кетсек, 5-декабрда Сокулук райондук милициясына жергиликтүү тургун кайрылып, 16 жаштагы кызын белгисиз адам уруп, зордуктаганын билдирген. Тергөөнүн баштапкы маалыматында «ал кызды Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктаганы» айтылат.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, 31 жаштагы эркек колго түшкөн жана убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

5-декабрда Сокулук районунун 50дөй тургуну ички иштер бөлүмүнүн алдында чогулуп, аталган фактыны калыс тергөөнү, күнөөлүүнү жазалоону талап кылышкан.

7-декабрда айылда «аксакалдар соту» уюштурулуп, жабыркаган кыздын жакындары, район акими Курманбек Айтибаев, милиция кызматкерлери жана ондогон жашоочулар катышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты