17 жашар уулу Инстаграм аркылуу курьерлик жумушка кирип, биринчи эле күнү кармалып, беш жылга соттолду
- 6 дней мурун
- Видео
2025-жылдын жаз айларында 17 жаштагы Баатырбек апасына жардам берүү үчүн курьердик жумушка орношкон. Бирок алгачкы күнү эле аны милиция кармап кетет. Бир нече айдан кийин сот аны беш жылга эркинен ажыраткан. Апасы иш боюнча далилдер жоголуп, сурактар мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтууда.
17 жашар уулу үй-бүлөдөгү муктаждыктан улам, Инстаграм аркылуу компьютердик тетиктер дүкөнүнө курьерлик жумушка жаңы гана кирип, тапшырма алганда кармалган. Уулу жеткире турган баштыкта эмне бар экенин билген эмес. Сокулук районунун тергөөчүсү далилдерди жоготуп жиберген бойдон “таппай” жатат.
Майыптар борборунда логопед-дефектолог мугалими болуп иштеген, үч баланы жалгыз тарбиялап жаткан Нурия Табалдиева адегенде социалдык тармактар аркылуу президентке, коомчулукка кайрылуу жасаган.
Улуу баласы Баатырбек Инстаграммдан “Курьер керек” деген жарыяны окуп, аларга резюме жөнөтөт. Андан кийин уулу менен Телеграм аркылуу байланышка чыгышат. Бул компьютердик тетиктер дүкөнү, кайсы бир тетиктерди жеткириш керек болгон. Үч күн сыноо берилген. Биринчи эле күнү ага Сокулукка барып, кайсы бир тетикти алып келүү тапшырмасы берилген. Баатырбек кара пакетти колуна алганда эле, үч киши аны кармап кеткен. Алар милициянын формасында болгон эмес, кадимки эле кийимчен. Бир үйгө алып барышып, уулун уруп-сабап, жасабаган кылмышты мойнуна алууга мажбурлашкан. Андан кийин гана аны Сокулук милициясына жеткиришкен.
Ал эми Сокулук районунун тергөөчүсү далилдердин баарын “жоготуп жиберген”. Уулунун телефону, андагы сүйлөшүп макулдашкандары, компьютер дүкөнү менен сүйлөшүүлөрү, анын кан болгон кийимдери, сумкасы “табылбай калган”. Уруп-сабап, уулуна күнөөнү мойнуна алдырган кагаздарга кол койдуруп алышкан.
сокулук райондук соту Нурия Табалдиеванын уулу Баатырбек Назаровду баңгизат менен кармалган деп беш жылга эркинен ажыраткан. Баатырбектин иши Чүй облустук сотунда 6-мартта каралганы жатат.
КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




