Балдарын уруп-сабоого, кыйноого шектелген аял кармалды

  • 1 месяц мурун

Чүй облусунда өз балдарын уруп-сабоого шектелген аял кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 3-декабрда, социалдык тармакта 30-35 жаштардагы азиат түспөлүндөгү аял үй ичинде эки баланы катуу сабап жаткан видео тараган.

Бул факты Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан каттоого алынган. Териштирүүнүн жүрүшүндө, балдарын сабаган аял Сокулук районунун М.А. аттуу тургуну (1995-жылы туулган) болуп чыкты. Анын күйөөсү — 1988-жылы туулган Н.М. Жабыркаган балдары — 9 жашар М.А. жана 7 жашар М.М.

Алардын баары тергөө иштерин жүргүзүү үчүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилген.  

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) жана 139-беренеси (өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулук колдонуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, окуя 26-ноябрда болгону, аял күйөөсү менен үч айга жакын убакыттан бери урушуп жүргөндүктөн, андан өч алуу үчүн балдарын катуу сабаганы аныкталган.  

Кылмышка шектүү М.А. аттуу аял убактылуу кармоочу жайга киргизилген.     

Тергөө иши улантылууда.

Сүрөт: Чүй ОИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты