№26 Ленин округу: Кайра шайлоого чыгаша сметасы бекитилди

  • 10 месяцев мурун

Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 10-сентябрга дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ чыгашалардын сметасын жалпы 13 208,8 миң сомсуммасында бекитти.

Бул тууралуу БШК маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, Ленин округдук жана 51 шайлоо комиссияларынын 745 мүчѳсү ишке тартылат. Идентификациялоону камсыз кылуу үчүн 24  операторду ишке тартуу пландаштырылууда.

Ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнѳ окутууну ѳткѳрүүгѳ, окутуу үчүн кеңсе буюм-тайымдарын, маалыматтык жана башка материалдарды сатып алууга чыгашалар кыскартылган, анткени 2023-жылдын 28-майында болгон аталган бир мандаттуу округ боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоонун жүрүшүндѳ шайлоо комиссияларынын бардык мүчѳлѳрү үчүн окуур ѳткѳрүлүп, шайлоо комиссиялары зарыл кеңсе буюм-тайымдары жана башка материалдар менен камсыз кылынган.

Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин райондук №26 шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленди.

28-майда саат 20:00дө Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. АСУ маалыматы боюнча Дамира Ниязалиева 6242 шайлоочунун добушун же 35,83% добуш алганы маалымдалган. Бирок, 29-майдын кечинде талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынын эки кызматкери кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Мындай чечимди БШК 16-июнда өткөн жыйынында кабыл алды. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болгон Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты