Ленин райондук №26 шайлоо округунда кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленди

  • 10 месяцев мурун

Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин райондук №26 шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленди.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.  

Маалыматка ылайык, талапкерлерди көрсөтүү 10-августка чейин болот. Ал эми талапкерлерди каттоо 21-августка чейин жүргүзүлөт.  

28-майда саат 20:00дө Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. АСУ маалыматы боюнча Дамира Ниязалиева 6242 шайлоочунун добушун же 35,83% добуш алганы маалымдалган.

29-майдын кечинде талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынын эки кызматкери кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган. Алар шайлоодо Ниязалиева менен иштешкен Али-Аскар Абдыралиев менен Роман Уметбеков экени айтылган.

Дамира Ниязалиеванын штабынан добуш сатып алууга шектелип кармалган эки адам үй камагына чыгарылды.

Дамира Ниязалиева аталган аудио жазуудагы айтылгандарды четке кагып келет.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Мындай чечимди БШК 16-июнда өткөн жыйынында кабыл алды. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болгон Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты