​Юрист Токтакунов Telegram колдонмосу аркылуу аны атайын байланыш кызматы тыңшаганын билдирди

  • 3 года мурун

Юрист жана парламент депутаттыгына талапкер Нурбек Токтакунов аны Телеграмм колдонмосу аркылуу атайын байланыш кызматы тыңшаганын билдирди. Муну ал чакан иликтөө аркылуу аныктаганын айтты.

-Менин телефонумдуТелеграммдын колдонмосу аркылуу Санариптик өнүгүү министрлигинин атайын байланыш кызматы мыйзамсыз тыңшап келген (Кечээтен баштап булар маданият министрлигинин алдында болсо керек).

Бул кыска жана жөнөкөй иликтөөнүн негизинде белгилүү болду. Адегенде мен Телеграммдын настройкасынан Xiaomi Redmi 7A. ны көрдүм. Менин жеке турмушума кийлигишкен нерсени скриншоттоп алып, Фейсбук баракчама жайгаштырдым. Андан кийин билген адамдар менин телефонумду Мегалайн интернет байланышына туташкан, Раззаков көчөсү 55 деген даректе жашаганАлександр Юн деген кишиге тиешелүү деп бүтүм чыгарып беришти. Мен бул скриншотто көрсөтүлгөн дарекке чалсам, автоматтык жооп бергич андай номер жок деди.

Андан кийин менен Раззаков, 55 дарегине бардым. Гугл-карта ал даректи таап бере алган жок. Бирок мен издеп жатып, Раззаков көчөсүндөгү мрамор курулушунан артынан Раззаков, 55 дарегин таап алдым. Ага Киев көчөсү тараптан кирет экен. Бул имаратта атайын байланыш кызматы жайгашкан. Ал имарат Президенттин иш башкармалыгына тиешелүү. Жанында Телеком жана Элкат имараттары орун алган.

Атайын байланыш кызматынын сайтында өлкөнү коргоо жана коопсуздук, мамлекеттик, коммерциялык жана кызматтык жана мыйзам боюнча коргоого багышталган купуялыкты коргоо максатында пайдаланылары жазылган, -деди Нурбек Токтакунов.

Буга чейин Кыргызстандын атайын кызматтары жарым жылдан ашык убакыттан бери 100дөн ашык адамдын — саясатчылардын, укук коргоочулардын жана активисттердин сүйлөшүүсүн мыйзамсыз тыңшап келгендиги белгилүү болгон.

Юрист Сания Токтогазиева укук коргоо органдарынын саясатчы, активисттерди тыңшоо аракетин айыптап, «Фейсбук» баракчасында калтырган билдирүүсүндө укук коргоо органдарынын бул аракетин бийликке жакпаган жарандарга жасалган басым катары баалап, анын жеке жашоого болгон негизги конституциялык укугун одоно түрдө бузганын айткан.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты