Сания Токтогазиева укук коргоо органдарынын саясатчы, активисттерди тыңшоо аракетин айыптап чыкты

  • 3 года мурун

Юрист Сания Токтогазиева укук коргоо органдарынын саясатчы, активисттерди тыңшоо аракетин айыптап чыкты.

Ал «Фейсбук» баракчасында калтырган билдирүүсүндө укук коргоо органдарынын бул аракетин бийликке жакпаган жарандарга жасалган басым катары баалап, анын жеке жашоого болгон негизги конституциялык укугун одоно түрдө бузганын айткан.

“Телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого кылмыш ишин иликтөөдө өтө зарыл болгон учурда гана судьянын чечими менен уруксат берилет жана ал мыйзамдын так сакталышын талап кылат. Тергөөчүлөр менен прокурорлор тергөө аракеттерине байланыштуу жетиштүү далилдерди берип, жалгыз жеткиликтүү вариант жеке сүйлөшүүлөрдү мыйзамдуу түрдө алуу экендигине ынандырышы керек. Башкача айтканда, судья телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого уруксат берип жатканда белгилүү бир жаранга карата шек саноолордун негиздүүлүгүн жана анын укуктарын чектөөнүн пропорционалдуулугун баалоого милдеттүү. Менин учурумда, жогоруда айтылган милдеттердин бардыгы ИИМ тарабынан дагы, судья тарабынан дагы аткарылган эмес. Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Жапыкеевден айырмаланып, менин Октябрь окуяларына, анын ичинде Ак Үйдү басып алууга эч кандай тиешем болгон эмес жана болбойт дагы”, — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 31-августта жүздөгөн активист, оппозициячыл саясатчы жана укук коргоочулардын телефон сүйлөшүүлөрү соттун чечиминин негизинде ИИМ тарабынан тыңшоого алынганы белгилүү болгон. ИИМдин бул аракети коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, бир катар укук коргоочулар президентке кайрылуу жолдошкону кабарланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты