Атайын кызматтар жүз адамды тыңшап турганы кабарланды

  • 3 года мурун

Кыргызстандын атайын кызматтары жарым жылдан ашык убакыттан бери 100дөн ашык адамдын — саясатчылардын, укук коргоочулардын жана активисттердин сүйлөшүүсүн мыйзамсыз тыңшап келген. Бул тууралуу Клара Сооронкулова билдирүүдө.

Анын айтымында, бул 2020-жылы 5-октябрда болгон баш аламандыкка байланыштуу.

2021-жылдын 6-январында Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Ч.М. Бердимуратов Кыргызстандын 100 чакты жаранынын телефондогу сүйлөшүүлөрүн тыңшоого уруксат берген токтом чыгарган. Соттук актыга ИИМдин тергөө кызматынын башчысы А.Жумабаевдин токтому негиз болгон. Ал телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоого уруксат сурап, тизмедеги жарандардын 2020-жылдын 5-октябрында болгон, анын ичинде Ак үйдү басып алууга байланышкан сотко чейинки өндүрүш иштерине катышы бар экенин билдирген. Бирок тергөө кызматынын тизмесинде октябрь окуяларына эч кандай тиешеси жок жарандар дагы бар. Мисалы: Нурбек Токтакунов, Сания Токтогазиева, Таттыбүбү Эргешбаева жана башкалар.

Тыңшоо 2021-жылдын 6-январынан бери жүрүп жатат.

Бердимуратов кылмыш ишин текшербей туруп, ал жарандардын тергөөдөгү факттарга тиешесин териштирбестен токтом чыгарган. Тергөөчү А.Жумабаев жок кылмыш иши боюнча токтомду ойлоп тапкан”, — деп жазган Клара Сооронкулова өзүнүн социалдык баракчасында.

Клара Сооронкулова жарыялаган тизмеде жүзгө жакын адам көрсөтүлгөн. Ал тизмеде саясатчылар, активисттер укук коргоочулар кирген.

Клара Сооронкулова жана бир катар укук коргоочулар Кыргыз Республикасынын президентине кайрылуу жолдошкондугу кабарланууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты