Жогорку Кеңеш жарандардын телефонун тыңшоого жол берген мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды
- 4 недели мурун
Жогорку Кенеш бүгүн, 20-майда, Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, кабыл алды. Бул өзгөртүү жарандардын телефондорун тыңшоого жол берет.
Мыйзам долбоорунун биринчи окууда кабыл алуусуна 78 депутат макулдук берип, бир депутат каршы добуш берди
Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев тааныштырды.
Мыйзам долбоору оперативдик-издөө жана контрчалгын ишмердүүлүгүн жөнгө салган түшүнүктөрдү жана функционалдык нормаларды Санариптик кодекс жоболоруна шайкеш келтирүүгө, ошондой эле укук коргоо жана атайын иш-чараларда мамлекеттик органдар менен телекоммуникация тармагынын шайкеш иштешине жол ачат. Жарандардын телефондорун тыңшоого жол берет.
Сүрөттө: Алишер Эрбаев, УКМК төрагасынын орун басары




