Депутат Жанар Акаев суракка чакырылды

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу депутаттын жардамчысы Тилек Нурбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, Акаев бүгүн саат 17:30га ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка чакырылган. Маалыматта анын кайсы иш боюнча чакырылганы айтылган эмес.

Эске сала кетсек, интернетте айрым саясатчылардын сүйлөшүүсү делген аудио тарап, анда Жанар Акаевдин аты аталган.

Кечээ, 14-сентябрда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов жогорудагы аудиого байланыштуу күбө катары суракка чакырылып, сурактан кийин кармалганын жактоочу Таалайгүл Токтакунова “Азаттык” радиосуна кабарлаган.

ИИМ Асанов башкалар менен көмүскө сүйлөшүп, бийликти басып алууга аракет кылды деп шектелип жатканын билдирген.

Бул иш боюнча ЖКнын депутаты Жанар Акаев жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы шектелип жатканы белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты