Курсан Асанов бийликти басып алууга шектелип кармалды

  • 3 года мурун

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 14-сентябрда бийликти күч менен басып алууну уюштурууга шектелип кармалды.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«К.Асанов башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүү жолу менен бийликти күч менен басып алууну активдүү даярдап жана уюштуруп жүргөндүгү аныкталган. Ушуга байланыштуу Асанов шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат билдирүүдө.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова «Азаттык» радиосуна Асановдун ИИМге «интернетте тарап жаткан «фейк» маалыматка» байланыштуу суракка чакырылып, бир нече сааттан кийин кармалганын кабарлаган.

Курсан Асановго карата буга чейин 3 кылмыш иши козголуп, Биринчи май райондук сотунда каралып келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты