​Бийликти күч менен басып алуу боюнча Алмазбек Атамбаев менен Жанар Акаев дагы шектелүүдө

  • 3 года мурун

Бийликти күч менен басып алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен бирге мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана ЖКнын депутаты Жанар Акаев шектелүүдө.

Бул тууралуу Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-сентябрда ИИМдин тергөө кызматына бийликти басып алуу боюнча материал түшкөн. Иш боюнча Курсан Асанов кармалып, анын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Бул маалымат боюнча ИИМ азырынча комментарий бере элек.

Эске сала кетсек, кечээ, 14-сентябрда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалып, Жазык кодексинин 309-беренеси («Бийликти күч менен басып алуу») боюнча айып тагылган. ИИМ Асанов башкалар менен көмүскө сүйлөшүп, бийликти басып алууга аракет кылды деп шектелип жатканын билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты