Оштогу жолугушуулар: Үйү буздурулгандарга кенемте төлөнөт

  • 4 недели мурун

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев КызылКыштак айыл аймагындагы тургундар менен жолугушууда буга чейин 1250дөй турак үй, 550дөй коммерциялык объект бузулганын билдирди.

Мэр компенсация маселеси качан чечилээри тууралуу буларды айтты:

-Биз аны силерге кантип кайтарабыз? Аны жерди транформация кылып туруп, аны компенсация катары силерге беребиз. Бирок ал жер дагы бирөөлөрдүкү, ал жерлерди чогултук бүтүп, өкмөткө жибердик. Эки айдын тегерегинде маселе чечилип, компенсация төлөп берүү да каралат. Учурда өкмөт жерди которуу маселесин карап жатат. Жакынкы күндөрү трансформация болгондон кийин силерге аларды адилеттүү, мыйзамдуу, жакшынакай кылып беребиз. Бул иштер аягына чыкканы калды. Буюрса эки айдын тегерегинде бардыгыңыздар менен компенсация маселесин чечип бүтөбүз. Ошол эле коммерциялык объекттер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Буюрса, эки айдын тегерегинде сиздер менен урушуп-талашпай, бир пикирге келип, сүйлөшүп, шаар дагы бузулбай тургандай, сиздер дагы нааразы болбой тургандай кылып, компенсация маселсин чечебиз, -деди мэр Жанар Акаев.

“Менин эң чоң милдетим азыр ушул, эки миңге жакын адамдын кенемте маселесин чечишибиз керек. Кыжалат болбоңуздар, Сулайман-Тоонун түбүндөгү Навои көчөсүндөгү 65 үйдүн 60ын тескерисинче туристтер келе турган кылып, веложол салып, илгерки эски Ошту чагылдырган үйлөрдү салып беребиз. Этно шаарча кылабыз. Ал жерде силер тескерисинче акча табасыңар. «Өгүз да өлбөйт, араба да сынбайт” деди мэр.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты