Жанар Акаев: Бизди опузалап коебуз деген аракет ишке ашпайт

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «бийликти күч менен басып алууга аракет кылууда» деген кептер боюнча кайрылуу жасады.

Анда эл өкүлү интернетте тарап жаткан аудиодо айтылгандардын бардыгы карандай калп экендигин айтып, бийликти күч менен басып алуу боюнча эч ким менен сүйлөшпөгөндүгүн билдирген.

“Курсан Асанов менен бейтааныш бирөө көчөдөбү же кафедеби сүйлөшүп, анын ичинен Жанар деген сөздү эптеп алып келип чаптап, анан элди ишендирип, ушулар тополоң уюштурганга аракет кылып жатат дегендей калп маалымат таратканы өкүндүрөт. Экинчиден күлкүлүү, көчөдө бир саясатчылар сүйлөшүп анан айып тагабыз деген аракетке сапатсыз видеого, карандай калпка 1-класстын окуучусу дагы ишенбейт. Мен дароо айтып койсом, эч бир саясатчы, коомдук ишмер менен дагы бийликти күч менен басып алабыз, анан массалык башаламандык уюштурабыз деген сыяктуу сөздөрдү эч бир жерде сүйлөшкөн эмеспиз. Мен эмне үчүн бийликти басып алышым керек? Мен өзүм бийликтин бир бутагында отурам. Эмне өзүмдүн кабинетимди басып аламбы? Таң калычтуу акылга сыйбаган нерсе. Ошондуктан бизди опузалап коебуз деген аракет ишке ашпайт. Биз мындай окуялардан бир гана курчуйбуз”, — деди Акаев.

Ошондой эле депутат муну шайлоонун алдындагы аракет катары баалап, парламентке жалаң кошоматчыларды алып келүү ниети болсо, анда ал дагы терең жаңылыштык экенин кошумчалады.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=434606…

Буга чейин интернетте айрым саясатчылардын сүйлөшүүсү делген аудио тарап, анда Жанар Акаевдин аты аталган.

Кечээ, 14-сентябрда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов жогорудагы аудиого байланыштуу күбө катары суракка чакырылып, сурактан кийин кармалганын жактоочу Таалайгүл Токтакунова “Азаттык” радиосуна кабарлаган.

ИИМ Асанов башкалар менен көмүскө сүйлөшүп, бийликти басып алууга аракет кылды деп шектелип жатканын билдирген.

Бул иш боюнча ЖКнын депутаты Жанар Акаев жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы шектелип жатканы белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты