Threads социалдык тармагынын колдонуучусу кармалды
- 2 месяца мурун
- Жаңылыктар
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинде («Маалыматтык-коммуникациялык тармактарды пайдалануу менен бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында, 1980-жылы туулган А.А.М. кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
“Аталган А.А.М. Threads социалдык тармагынын колдонуучусу катары мыйзамсыз мүнөздөгү, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктарды камтыган билдирүүлөрдү системалуу түрдө жайгаштырып жана таратып келгени, ошондой эле Кыргыз Республикасында коомдук тартиптин бузулушуна жана коомдук-саясий кырдаалдын туруксуздашына өбөлгө түзүшү мүмкүн болгон материалдарды тараткандыгы аныкталды. Тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында А.А.М. буга чейин аныкталган мыйзамсыз мазмундагы жарыялоолорду жайгаштырууга тиешеси бар экенин мойнуна алды” деп айтылат маалыматта.
Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.
Сүрөттө: кармалган жаран. УКМК




