Бийликти басып алууга чакырыкты камтыган материалдарды таратууга шектелүүдө
- 2 месяца мурун
- Жаңылыктар
Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинде («Маалыматтык-коммуникациялык тармактарды пайдалануу менен бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында, 1982-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Т.Д.Ш. кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Т.Д.Ш. Threads социалдык тармагынын колдонуучусу катары мыйзамга каршы мүнөздөгү, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктарды камтыган, ошондой эле коомдук тартиптин бузулушуна жана Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий кырдаалдын туруксуздашына өбөлгө түзө турган материалдарды жарыялап жана таратып келген.
Т.Д.Ш. буга чейин да мыйзамга каршы мазмундагы жарыяларды жайгаштырууга тиешеси бар экенин мойнуна алгандыгы белгиленди.
Ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иши улантылууда.
Сүрөттө: кармалган жаран. УКМК




