Саясатчылардын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого укуксат берген судьяны кызматтан алуу демилгеси көтөрүлдү

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин 8-сентябрындагы жыйынында саясатчылардын, укук коргоочулардын жана жарандык активисттердин телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого уруксат берген судьяны кызматтан алуу демилгеси көтөрүлдү.

Мындай демилгени ЖКнын депутаты Мирлан Жээнчороев көтөрүп чыкты. Анын айтымында, жогорудагы чечимди кабыл алган сот Чыңгызбек Бердимуратов мыйзамды одоно бузган.

Жогорку Кеңештин атынан Тартип комиссиясына кат жөнөтүп, ал кызматтан алынышы керек. Депутаттардын иммунитети бар. Аларга Жогорку Кеңештин макулдугу менен гана иш козголуп тергөө жүрөт”, — деп билдирет Жээнчороев.

Белгилей кетсек, 31-августта жүздөгөн активист, оппозициячыл саясатчы жана укук коргоочулардын телефон сүйлөшүүлөрү соттун чечиминин негизинде ИИМ тарабынан тыңшоого алынганы белгилүү болгон. Тыңшоого алынгандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешов, Канатбек Исаев, Каныбек Иманалиев дагы бар.

ИИМдин бул аракети коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, бир катар укук коргоочулар президентке кайрылуу жолдошкону кабарланган.

Сүрөт: Интернет булактарынан алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты