Активисттер жана юристтер укук коргоо органдарынын тыңшоо аракеттерин кескин түрдө айыптады

  • 3 года мурун

4-сентябрда «Баштан Башта» кыймылы жана «В рамках закона» юристтер тобу укук коргоо органдарынын саясатчы, активисттерди тыңшоо аракетин кескин түрдө айыптап чыгышты. Бул тууралуу билдирүү кыймылдын “Фейсбуктагы” баракчасында жарыяланды.

Кайрылууда «Баштан Башта» кыймылынын лидери Улан Үсөйүн өзү дагы тыңшалып жаткан адамдардын тизмесинде бар экенин белгилеп, муну активисттерге басым катары баалаган.

«Мындай тергөө аракеттери бийликке жана коррупцияга каршы чараларды сынга алгандарды коркутуу же кысым көрсөтүү менен эмес, кылмыштуулук менен күрөшүү максатында гана жүргүзүлүшү керек. Соттун тыңшоо боюнча буйругунда көрсөтүлгөн адамдардын аттары жөн жерден эмес деп эсептейбиз. Бул адамдар жарандык позициясын, анын ичинде мамлекеттик структураларды сынга алууда активдүүлүгүн көрсөтүп келет. Биз мамлекет адам укуктары, купуялуулук тууралуу эл аралык кепилдиктерди аткарат деп ишенгибиз келет. Мындай укуктук чектөөлөргө демократиялык коомдо мамлекеттин коопсуздугу, коомдук тартип үчүн чындап зарыл болгондо гана өтүү керек.»,-деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 31-августта жүздөгөн активисттер ,оппозициячыл саясатчылар жана укук коргоочулардын телефон сүйлөшүүлөрү соттун чечиминин негизинде ИИМ тарабынан тыңшоого алынганы белгилүү болгон. Бул чоң нааразычылыкты жараткан. Анткени, тыңшоонун негизги себеби октябрь окуяларын жөңгө салуу болсо да, ага тиешеси жок юристтер жана активисттер да тыңшалганы белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты